Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Атамбаев барар күнү Аксыда митинг өткөнү жатат


Аксыда акимди кызматтан кетирүү комитети район борборунда 20-июнда болуучу нааразылык акциясында коопсуздукту сактоо өтүнүчү менен аким Медет Айдаралиевге, райондун прокуратура, милиция, атайын кызмат жетекчилерине билдирүү тапшырды.

Акция уюштуруу комитетинин башчысы Батырбек Кыдыевдин билдиришинче, нааразылыкка аким Айдаралиевдин элди уруу-урууга бөлүүсү жана иши боюнча отчет бербей келатканы себеп болууда.

Ал эми аким эч кимди бөлбөгөнүн, эл ынтымактуу экенин, нааразылык акциясын уюштурууга мурда тармактык министрликтердин буйругу менен кызматтан алынган райондук деңгээлдеги үч жетекчи кызыкдар болуп жатканын, 20-июнь күнү көп жылдан бери курулуп келаткан Иринжит каналын ишке берүү аземи болоорун билдирди.

Айрым маалымат боюнча, каналды ишке берүү салтанатына президент Алмазбек Атамбаев катышат. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG