Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Президент Ошко иш сапар менен барат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарына бир күндүк иш сапар менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент Оштун борборундагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышат. Ал эми эртең Атамбаев Жалал-Абаддын Аксы районунда курулуп бүткөн Иринжит суу каналын ишке берүү аземине катышат.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу былтыр 5-октябрда башталган. Мурунку шаар башчы Мелис Мырзакматов аны "кылым курулушу" деп атаган болчу. Бирок быйыл 15-январда жаңы шайланган мэр көпүрөнүн курулушу көп каражат талап кыларын белгилеп, азыр анын ордуна сунушталган жаңы долбоордун негизинде курулуш жүрүп жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG