Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

"Ата-Журттун" Келдибеков боюнча сунушу жалпы жыйында каралбайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, фракциянын чечимин парламенттин жалпы жыйынында кароого мыйзам жол бербейт. Аны тиешелүү комитеттер талкууланган соң гана маселе жалпы жыйынга чыгышы мүмкүн.

“Ата-Журт” фракциясы "депутаттын ден соолугу начарлап баратат, аны үй камагына чыгарып, чет өлкөгө дарыланууга жиберүү керек" деген чечимин парламенттин жалпы жыйынында кароого жөнөткөн. Фракция Жогорку Кеңеш бул боюнча токтом чыгарып, Башкы прокуратура жана Жогорку Сотко жибериши керектигин билдирген. Бирок айрым депутаттар муну соттун ишине кийлигишүү катары баалап жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынан азыркы депутат Акматбек Келдибеков былтыр ноябрь айынан бери камакта. Башкы прокуратура ага мамлекетке 40 миллион сом зыян келтирген деп айып таккан. Келдибеков муну четке кагып, саясий негизде куугунтукка кабылганын билдирип келет. Депутаттын тарапкерлери аны үй камагына чыгарууну талап кылып 27-майдан бери Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG