Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:05

Кыргызстанда бөйрөк оору көбөйүүдө


Бул тууралуу өлкөнүн башкы урологу Акылбек Усупбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда жүрөк, дем алуу органдарынын оорусунан кийин эле бөйрөк дартынан каза тапкан адамдардын саны көп.

Буга байланыштуу 20-21-июнда Ысык-Көлдө бөйрөк ооруларын дарылоо боюнча эл аралык конференция өткөнү жатат. Ага Түркия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн урологдор келип, бул багытта тажрыйба алмашмакчы. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG