Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Сотто сабалган адвокат милицияга кайрылды


Ош облустук сотунда жабыркаган тараптан сокку жеген адвокат Күмүшбек Ыбыкеев милицияга арыз жазды. Ыбыкеевдин “Азаттыкка” айтымында, 18-июнда сотто болгон окуя боюнча ал Ош шаардык милициясына кайрылды. Учурда ал Токмок шаардык ооруканасында дарыланууда. Доктурлар ага "мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан.

Кечээ Ош облустук сотунда адвокат Күмүшбек Ыбыкеевди жабыркаган тараптын өкүлдөрү сабап кеткен. Жол кырсыгына байланыштуу жараянда ал соттолуучунун кызыкчылыгын коргоп жаткан. Кырсыкта каза тапкан адамдын жакындары аны ур-токмокко алган. Сот имаратынан чыгып ооруканага келгенде да анын артынан барып коркутушкан.

Адвокат Токмокко келип ооруканага жатты. Бул окуя боюнча бир катар укук коргоо уюмдары тынчсыздануу билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG