Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат


Бүгүн кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүү Баткенде башталды. Ага эки өлкөнүн вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев менен Муродали Алимардон баштаган өкмөттүк комиссиялар катышууда. Сүйлөшүүдө Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш айланма жолунун курулушун улантуу, эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо жана 7-майдагы кыргыз жана тажик жарандары ортосундагы жаңжал боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланмакчы.

7-май күнү Баткендеги чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Окуядан 17 кыргыз жараны, 8 тажик жараны жараат алып, кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Келтирилген чыгымды тажик тарап төлөп берүүгө макул болгонун Кыргызстандын күч органдары билдирген. (BkA/JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG