Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Атамбаевдин Ош сапарын чагылдырууга тандалуу журналисттер уруксат алды


Президент Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарына бүгүнкү сапарын чагылдырууга тандалуу гана журналисттер уруксат алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Эрнис Нурматов билдирди. Анын айтымында, президент эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышуусуна Коомдук телеканал, ЭлТР, 5-канал жана НТС телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер жолотулган эмес. Ал эми өлкө башчынын маалымат кызматы муну журналисттердин каттоодон өтпөй калганы менен түшүндүрүүдө.

Бирок маалымат каражаттарына алдын ала каттоо тууралуу билдирүү түшкөн эмес.

Ошондой эле бүгүн Ош шаарында коопсуздук күчөтүлүп, көчөдө токтотулуп коюлган автоунааны милиция жүктөп кетип жатат.

Президент Ошко бир күндүк иш сапар менен барды. Ал түштөн кийин облустук жана шаардык актив менен жолугат. (BkA/ErN)

XS
SM
MD
LG