Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Алайдагы абалдан улам туркомпаниялар миңдеген кардарынан кур калууда


Алайда Келдибековдун тарапкерлери жолду бууп койгонуна байланыштуу туристтик компаниялар чыгымга учурап, миңдеген кардарынан кур калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңеши атайын билдирүү таратты. Аталган уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна бараткан туристтер Ош – Эркеч-Там унаа жолу аркылуу өтөт. Июнь-сентябрь айлары сезон учурунда ал жакка Австралия, Голландия, Орусия, Жапония жана башка өлкөлөрдөн 10 миңден ашуун турист каттайт.

Оппозиционер депутат Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип былтыр күзүндө кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ден соолугу күндөн күнгө начарлап баратканын айткан тарапкерлери аны үй камагына чыгарууну талап кылып 27-майдан бери Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турат.

Келдибеков өзү күнөөсү жок экенин, кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин айтып келатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG