Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана курулат


Бишкек шаарында кургак учукту дарылоо үчүн жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Бүгүн немис өкмөтү 6,5 миллион евро бере турган макулдашууга кол коюлуп, бул акчага кургак учуктун дарынын көп түрү жардам бербей калган формасын дарылоочу оорукана курула турганы айтылды.

Расмий маалымат боюнча, былтыр кургак учук менен ооругандардын саны Кыргызстанда 100 миң адамдын ичинен 99 деп айтылган. Соңку кезде туберкулездун дарынын көп түрү жардам бербей калган формасына чалдыккандар көбөйүп жатканын дарыгерлер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG