Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Донецк облусунда сепаратисттер менен куралдуу кармаш жүрүүдө


Красный Лиман районунда украин бийлигинин ок атышууну токтотуу боюнча талабын аткарбаган куралдуу сепаратисттер менен кармаш жүрүүдө. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына «Маалыматтык каршылык» кыймылынын лидери Дмитрий Тымчук жазды.

Өткөн түнү жикчилер топтошкон райондо украин аскер күчтөрүнүн "куралыңарды таштагыла" деген билдирүүcү бар баракчалар таркатылган. Анда адам өлтүрүүгө тиешеси жок жикчилердин эркиндиги менен коопсуздугу камсыздалары дагы айтылган. Тымчуктун айтканына караганда, мындай талап аткарылбаган соң украин аскерлери активдүү аркеттерге өтүшкөн.

УНИАН агенттиги Донецк облусунун мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматына шилтеме жасап, шаршембиде Амвросиев районунда белгисиз бирөөлөр автожолдогу көпүрөнү жардырганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG