Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Испанияда жаңы падыша такка отурду


Мадрид шаарында 46 жаштагы падыша Филипп VI такка отуруу жөрөлгөсү өттү. Анын атасы 76 жаштагы Хуан Карлос I тактан кеткени жөнүндө документке кол койгондон кийин жаңы падыша бейшембиге оогон түнү бул милдетти расмий түрдө өзүнө алды.

Маалымат каражаттары билдиргендей, Испаниядагы экономикалык кризиске байланыштуу такка отургузуу жөрөлгөсү жупуну өттү. Буга чейин салтка айлангандай сый тамак берилбейт жана иш-чарага чет мамлекеттердин башчылары менен падышалыктардын өкүлдөрү чакырылган жок.

1975-жылдан бери Испаниянын падышасы Хуан Карлос I аскерий төңкөрүшкө каршы болуп, өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүүгө шарт түзгөнү үчүн эл ичинде баркка татыган. Бирок соңку кездеги падышалык үй-бүлө аралашкан коррупциялык чырлар испан монархиясынын беделин түшүрдү.

XS
SM
MD
LG