Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Вьетнамдын келини Чынара Абдыкадырова төркүнүнө келип, балдарын сүннөткө отургузуп, улуулардан бата алды.

Вьетнамдын келини Чынара Абдыкадырова Кыргызстанга ата-бабалардын салтын улап атайын балдарын сүннөткө отургузуу үчүн келиптир. Өзүнүн айтымында, бул үй-бүлө жентек той берип балага бата тилөө, тушоо кесүү сыяктуу кыргыздын салтын үзбөй аткарып келаткан экен. Күйөөсү да бул сунуштарды четке какпай, колдоп турат.

- Кудайга шүгүр балдарды аман-эсен сүннөткө отургузуп алдык. Жакшы болуп калышты. Вьетнамда мындай салт жок. Күйөөмө болсо мурда эле айтып жүргөнмүн. Бирок мурда биз Кыргызстанга эки-үч жумага эле келип, отургузганда айыкпай калабы деп коркуп жүрдүк эле. Азыр узагырак калууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Күйөөм да макул болду. Биз дагы ушул шарттан пайдаланып балдарды отургуздук. Чоң-ата, чоң апабызга барганда айтабыз.

Чынара жашаган Хошимин ысык шаар. “Андай болбогондо бешикти деле алып барып алмакпыз”, - дейт биздин маектеш.

- Күйөөм экөөбуз бири-бирибиздин салтыбызды урматтап жашайбыз. Сен мусулмансың, мен буддистмин, андай кылбайм, мындай кылган болбойт деп эч качан айтпайбыз. Анын да салт-санаасын сыйлап, жаңы жыл майрамдарда храмдарга барып мен деле соопчулукка деп сыйынып койом буддистче. Ал эми балдар Вьетнамда жашаса дагы кыргыздын тушоо кесүү, жентек берүү деген сыяктуу салттарды да биле жүрсүн деген максатта жасап келебиз.

Чынаранын кыргыз салт-санаасын кошо ала жүргөнүн апасы Тинатин айым да колдойт. Анын үстүнө алыстан кызы узак мөөнөткө келгенине эне жүрөгү элеп-желеп болуп, неберелерин эркелетип сагынычын таратып жаткан чагы экен.

Чынара менен болгон биринчи мектешүүдө ата-энеси, туугандары Вьетнам жигитке турмушка чыга турганын түшүнүү менен кабыл алганын айткан эле. Бардык эле ата-эне балдарынын, өзгөчө кыз баланын алыста, мурда-кийин барып көрбөгөн бөтөн эл, бөтөн жерде жашап калуусуна дароо эле макул боло койбос. Тинатин айым да мына ушундай сезимдери менен бөлүштү:

- Алгач угуп абдан жаман болдум. Бирок кызымдын тандоосу ошол болгондон кийин, вьетнамдык жигит менен бактылуу болом деп атса анан атасы экөөбүз да макул болдук. Баланын бактын каалайсың да. Күйөө бала экөө бири-бирин түшүнөт, кудаларыбыз да жакшы адамдар, Чынараны сыйлашат. Кичине неберем Жеңиш менен кыргызча сүйлөшөм. Улуусу кыргызча билбейт. Ага анча-мынча англисче, вьетнамча сүйлөйм. Бир-эки сөздөрүн үйрөнүп алгам.

"Азаттык" Вьетнамга келин болгон кыргыз кызы Чынара Абдыкадырова тууралуу быйыл март айында жазып чыккан эле. Бул макала сайтыбызда эң көп окулгандардын катарына кирип, окурмандар 200дөн ашуун пикир калтырышкан. Арасында Вьетнамга турмушка чыкканы үчүн тилдегени, кай жерде болбосун бактылуу болуусун каалагандары да бар болчу. Айрым ачуу сөздөргө Чынара айым өзү да жооп жазып, активдүү катышкан эле.

- Адамдар ар түрдүү болот, ар кимиси ар нерсени айтат экен. Бул дагы ошол адамдын ички дүйнөсүнө, ниетеине, мүнөзүнө жараша болот экен деп ойлоп койдум. Мисалы мага сөөгүң каякта калат, эми эмне болосуң деп айтпаганды айтышты. Азыр жашоо-турмуш уланып атат, балдар чоңоюп атат... Мага ошол жакта жашаган дагы жагат. Мен бактылуумун, мындан башка мага эч нерсе деле кереги жок.

Окурмандардын көпчүлүгү вьетнамдыктар жеген тамак-аш тууралуу жазышкан. Алар боюнча Чынара мындай деп жооп берди:

- Вьетнамда да ар кандай калк жашайт. Түндүктөн, түштүктөн, камбоджалыктарга аралашкан вьетнамдыктар бар. Ар кандай тамак жегендери да бар. Мисалы чычкан, бака, мышык, ит жегендер бар. Ал тургай өрдөктүн чыга элек балапанын кайнатып жешет. Биздин үй-бүлөдө андайларды жебейбиз. Биз уй, тоок, балык жана деңиз азыктарын жейбиз, күйөөм айрым учурда чочконун этин жейт.

Эми Вьетнамдагы журтташыбыз Чынара уулдары чоңойсо бирине кыргыз кызын алып берүүнү ниет кылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG