Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Абдулла шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө


Ооган президенттигине талапкер Абдулла Абдулла бурмалоолор боюнча анын айыптоолору бюллетендерди саноону токтотпогонун, ошондуктан шайлоонун жыйнытыгын тааныбай турганын жарыялады.

Ал 18-июнда ооган шайлоо комиссиясы добуштарды саноону токтотуп, ал милдетти Улуттар Уюму алсын деген талапты койгон. Ал эми ооган шайлоо комиссиясынын башчысы Зия-ул-Хак Амархайл добуштарды саноо улантыларын, эгерде кимдир бирөөдө бурмалоо боюнча далил болсо, анда ал кызматтан кетүүгө даярдыгын 19-июнда билдирген.

14-июнда өткөн президенттик шайлоонун эки айлампасынын алдын ала жыйынтыгы 2-июлда жарыяланууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG