Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларды текшерүүдө


Ушу тапта Улуттук банктын өкүлдөрү журналисттер менен бирге Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан акча алмаштыруучу жайларды аныктоо боюнча атайын рейд жүргүзүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан пункттардан бир саат ичинде лицензиясы жок иштеп жаткан 10 чакты акча алмаштыруу жайы аныкталды. Аларга карата протокол түзүлүп, 1,5 миң сомдон айыппул салынды.

Мыйзам боюнча акча алмаштыруучу болуп иштөөнү каалаган ишкер Улуттук банктан лицензия алышы талап. Андайлардын саны республика боюнча бүгүнкү күндө 336. Ал эми лицензия албай иштеп жүргөндөрдүн саны да ошого жакын, көбү "Дордой" базарында экенин Улуттук банк билдирүүдө. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG