Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Алайда жол буулушу түштүк аймактын экономикасына коркунуч жаратууда


Алай районунда кан жолдун буулуп турушу Кыргызстандын түштүк аймагынын экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Экономика министрлигинин Түштүк аймак аралык башкармалыгы бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда Токтогул суу сактагычында суу азайып, Өзбекстандан газ келбей калганына байланыштуу энергоресурстарга муктаждык өсүп жаткан шартта Алайда казылган көмүрдү ташып келүүгө тоскоолдук болуп жатканынын кесепети оор болору айтылган. Мисалы, Алайдагы “Перити-Коал” ишканасы учурда көмүр казууну токтотуп койду. Анын Салык кызматына карызы 4,5 миллион сомго жетти.

Ош шаарында көмүр жагып кирпич чыгарган бир катар ишкана да ишин токтотууга мажбур болду.

Парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип былтыртан бери камалып жатат. Ал өзүн күнөөлүү эмес экенин, ага карата козголгон кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин жана бийлик өз оппоненттерин алсыратуу аракетин жасап жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG