Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Нарын: Жайлоодогу бала бакчада эмгек акы сүт-эт менен төлөнөт


Нарында 1-июлда иштей баштай турган жайлоо бала бакчаларын ачууга акыркы даярдык көрүлүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, учурда жергиликтүү бийлик боз үйлөрдү жайлоого көчүрүп баруу, уюштуруу ишин аткарууда. Бирок тарбиячылардын маяна маселеси дагы эле чечиле элек. Былтыр, мисалы, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн билим берүү тармагынын адиси Салия Жолдошованын айтымында, “тарбиячылардын айлык маянасы чечилбегендиктен малчылар сары май, сүт, сүзмө, кээ бири козу берген”. Быйыл да ошондой болору күтүлүүдө.

Нарын облусу боюнча быйыл 16 жайлоо бала бакчасы иштейт. Долон ашуусунда, Сөң-Көл жайлоосунда, Каманды, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордо бала бакчага ыңгайлашылган боз үйлөр тигилет. Ар биринде чабандардын 20-30 баласы тарбияланат.

Ал эми жалпы Кыргызстандын жайлоолорунда 35 бала бакча ачылат. Жайы бою боз үй ичинде иштей турган бала бакчада жумасына 5 күн, ар күнү үч сааттан окутуу, тарбия иштери жүрөт.

Бала бакча жетишсиздиги негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган Кыргызстанда бул маселени чечүүнүн бир жолу катары жайлоо бала бакчаларын ачуу демилгеси экс-президент Роза Отунбаевага таандык. Анын “Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду бул долбоорду үч жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырып келатат. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG