Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Көлдө айрым пансионаттардын ишине тыюу салынды


Ысык-Көлдө бир катар эс алуу жайлары жайкы сезонго даяр эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экологиялык жана техникалык инспекция өкүлү Клим Турдалиев билдирди. Жети-Өгүздөгү “Эделвейс” пансионатында кир сууну кетирүүчү түтүктөр талапка жооп бербегендиктен иштөөгө тыюу салынды. Ошол эле райондогу “Век любви” балдар реабилитациялоо борборуна да эскертүү берилди.

Ак-Суу районундагы термалдык суу чыгуучу жайда төрт менчик жана бир мамлекеттик балдар реабилитациялоо борбору бар. Алардын да түтүктөрү талапка жооп бербегендиктен иштөөгө тыюу салынган. Бирок ага карабастан бул жай иштеп жаткандыктан инспекция прокуратурага кайрылды. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG