Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Донецк облусунда айыгышкан кармаш жүрүүдө


Украинанын Донецк облусунда өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат. Куралдуу күчтөрдөгү булак "Ройтерс" агенттигине билдиргенине караганда, Красный Лиман жана Ямпол кыштактарынын жанындагы урушка 4 миңдей жикчиге каршы 20 танк, артиллерия жана башка оор техника тартылды.

Ал эми козголоңчулардын лидерлеринин бири Игор Стрелков алар “олуттуу жоготууларга” учурап жатканын айтты.

Бийлик Ямпол айылындагы урушта 7 жоокер окко учканын, 300дөй жикчи набыт кеткенин билдирүүдө. Бул маалыматты тастыктоо мүмкүн эмес.

Кабарларга караганда, кармаш 19-июнда жикчилер президент Петро Порошенконун тынчтык планына ылайык куралсыздануу сунушун четке каккандан кийин тутанган. Президент козголоңчулар куралдан баш тартса, мунапыс берилерин, армия ок чыгарууну токтоторун айткан.

XS
SM
MD
LG