Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Абылов: Келдибековдун иши сотко 2-3 күндө өтөрү айтылды


Акматбек Келдибеков боюнча кылмыш иш тергөөдөн сотко үч күн аралыгында өтүшү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен Келдибековдун тарапкерлеринин жолугушуусунда айтылганын "Азаттыкка" депутаттын коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов кабарлады.

Келдибековду бошотууну талап кылып Алайда жол бууп тургандардын өкүлдөрүн кечээ парламент жана өкмөт башчылары кабыл алган. Алар соттун ишине кийлигишүүгө укуктары жок экенин айткан. Ушундай эле позициясын бүгүн Аксыда эл менен жолукканда президент Алмазбек Атамбаев да айтты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG