Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Иракта мунай тазалоочу ишкана айланасында кармаш жүрүүдө


Ирактын коопсуздук күчтөрү менен суни согушкерлери Байжи шаарындагы мунай тазалоочу жайда кармашууда. "Ирак жана Левант ислам мамлекети" деген топтун куралдуу бөлүктөрү ишкананы ушул аптанын башында камоого алган. Ага чейин согушкерлер өлкөнүн түндүгүндөгү бир топ аймактарды ээлешкен.

19-июнда АКШ президенти Барак Обама жоочуларга каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн 300 акерий кеңешчи жөнөтүлөрүн билдирген.
Президент америкалык согуштук бөлүктөр Иракка кайтпайт деп кошумчалаган.

Ирактын шиилер жетектеген өкмөтү Вашингтонго кайрылып, суни согушкерлеринин турумдарына абадан сокку урууга чакырган. Обама “зарыл болгондо” “чектелүү” аскерий аракет көрүүгө даярдыгын айтты. Ошол эле маалда ал кризисти куралдын жардамы менен эмес, сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салуу керектигине басым жасады.

XS
SM
MD
LG