Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Ат-Башы: "20 жылдыкка" келгендер айылына тез жардам унаа белек кылды


Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Казыбек мектебинин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдык бейтапканага тез жардам унаасын белек кылышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" бейтапкана жетекчиси Сайрагүл Оморова билдирди.

Бүтүрүүчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты менен “степ-вагон” унаасына тез жардам жабдыктарын орнотуп жаcатышкан. Унаанын наркы 5800 долларды түзсө, ичин жабдууга 1500 доллар кеткен.

Коңшу 3-4 айылды кошо тейлеген Казыбек айылынын тез жардам унаасы эскилиги жетип, жарактан чыгып калган болчу. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG