Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүнүн 5-айлампасы аяктады


Венада Иран менен 6 державанын кезектеги сүйлөшүүлөрү аяктады. Евробиримдиктин маалымат катчысы Майкл Манндын айтымында, Тегерандын атомдук программасы боюнча кездешүүдө тараптар бир катар маселелер боюнча бир топ идеяларды сунуш кылышты. Сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы 2-июлда өтөт, анда жыйынтыктоочу келишимдин долбоору түзүлө баштайт.
6 державанын катарына АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия кирет.

Тараптар 20-июлга чейин мунасага келүүгө аракеттенип жатышат. Ал күнү буга чейин түзүлгөн утурумдук документтин мөөнөтү соңуна чыгууда. Ага ылайык, Иран уран байытууну чектеген, ал эми Ислам жумуриятына каршы киргизилген айрым санкциялар жеңилдетилди. Батыш Тегеран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө, Иран болсо ал дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG