Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Тажикстанда 2 аял адам аткезчилиги үчүн соттолду


Тажикстандын Хужанд шаарында 2 аял адам аткезчилиги үчүн 8 жылдан түрмөгө кесилди. Шаар соту 20-июнда 33 жаштагы Наргизахон Усмонжанова жана 27 жаштагы Манижа Рахимованы мекендешин алдап, Дубайга сексуалдык кулчулукка саткандыгы үчүн айыптуу деп тапты.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, алар Бириккен Араб Эмиратынан жакшы жумуш таап беришерин айтышкан. Кийин документтерин тартып алып, 7 миң долларга сатып жиберишкен.

Февралда Хужанддын соту жергиликтүү 3 аялды жаш кыз-келиндерди Бириккен Эмират менен Түркияда сойкулук кылууга мажбурлашкандыгы үчүн 5 жылдан 5 жарым жылга чейин эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG