Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Чыккынчылык үчүн айыпталган тажик жараны Дүйшөмбүдө кармалууда


Тажикстандын бийлиги тажик жараны, Канадада туруктуу жашаган Александр Содиков чыккынчылык жана тыңчылык үчүн айыпталып, Дүйшөмбүдө кармалып жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 20-июндагы маалыматына ылайык, Содиков убактылуу кармоочу жайга отургузулду, адвокаты жана үй-бүлөсүнө бул тууралуу кабарланды.

Анын алдында укук коргоочу эл аралык уюмдар 16-июнда Хорог шаарында кармалган Содиковдон дайын жок деген камтамаларын билдирген.
Ал бир катар жарандык активисттер, анын ичинде май айында тартип коргоочулардын аракеттерине нааразылыгын билдирип чыккандардын лидери Алим Шерзамонов менен жолугушкандан кийин жергиликтүү коопсуздук органдары тарабынан кармалып кеткен.

Содиков Торонто университети жана Британиянын Эксетер университетиндеги доктордук иши үчүн Борбор Азияны кыдырып жүргөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG