20-июндан 21ине оогон түнкү беттештердин алгачкысы Италия менен Коста-Рика ортосунда болду. Мында Коста-Рика буга чейин фаворит деп эсептелип келаткан европалык атаандаштарын 1:0 эсебинде утуп сенсация жаратты.
Бул оюн Д тобундагы Англия 1/8 финалга чыкпай калды дегенди билдирет. Анткени буга чейин Англия тайпасындагы Италия менен Уругвайга утулуп калган.
Швейцария-Франция беттешинде оюн курч мүнөздө өттү. Франция командасы оюн ичинде катары менен 5 гол киргизип, атаандашына таптакыр мүмкүнчүлүк бербей жаткан. Бирок, оюндун аяк жагында швейцариялыктар 2 гол киргизгенге үлгүрүштү.
Кийинки жуп америкалык өлкөлөр Гондурас-Эквадордун оюн эсеби 1:2 менен аяктады.
Алдынкы суткада Аргентина-Иран, Германия-Гана, Нигерия-Босния жана Герцеговина беттешет.