Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Суусамырда жайлоо бала бакчалары ачылат


Шейшемби, 24-июнда Суусамыр өрөөнүндөгү малчылардын балдары үчүн үч жайлоо бала бакчасы ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун координатору Асылбек Жооданбеков билдирди.
Бала бакчаларды аталган фонд менен Панфилов, Манас, Талас райондорунун жайыт комитеттери биргеликте ачууда.

“Үч бакча 100дөн ашуун балага эсептелген. Биздин фонд окуу китептери, мугалимдер үчүн колдонмолор, канцеляриялык каражаттар жана оюнчук менен камсыздайт. Ал эми жайыт комитеттери боз үй, тарбиячы таап берип, тарбиячыны айлык акы менен камсыздайт”, - деди Жооданбеков.

Бакча жай бою, күнүнө 3 сааттан иштейт. “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду мындай бакчадан өлкө боюнча 35ти ачууну пландоодо. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG