Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Алайдагы көчкү бууган жол ачыла элек


Алайдын Талдык ашуусунда жер көчкү басып калган кан жол ачыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

“Жер көчкү кечээ түшкөн. Көлөмү 6 миң куб метрден ашык. Учурда ал жерде атайын 3 техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жол бүгүн-эртең ачылып калышы мүмкүн”, - деди Бекилов.

Андан берирээк, Сопу-Коргон айылына жакын жерде камактагы депутат Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен анын жактоочулары 27-майдан бери кан жолду бууп турушат. (МТо)

XS
SM
MD
LG