Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Маматалиев: Алайлыктардын талабы күчүндө


Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев Алайда сүйлөшүүлөрдөн соң жол ачылгандыгын, бирок элдин талабы дагы эле күчүндө экендигин билдирди. Маматалиевдин айтымында, сүйлөшүү учурунда жол ачылгандан кийин гана алардын талабы карала тургандыгы айтылган.

Вице-премьер-министр элдин берген кайрылуусун бийликтин үч бутагына жолдой тургандыгын белгилеп, Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаар-чыкпасын эми сот, прокуратура органдары карай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында камакка алынган. Учурда ал бутуна үч жолу операция жасалып, чет өлкөдө дарыланууга муктаж экени айтылууда. Ал эми Келдибековдун тарапкерлери 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун буушуп, аны үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышкан.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG