Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Оренбургдагы жарылуудан төрт киши мерт кетти


Орусиянын Оренбург облусундагы шахтада 22-июнь күнү болгон жарылуудан 4 адам каза таап, эки киши ооруканага түштү. Алардын бирөө эс-учуна келе албай жатат, 278 адам эвакуацияланды.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык Гай тоо-кен байытуу комбинатында жумуш үчүн атайын пайдаланылуучу жардыргыч затты колдонуудагы техникалык мүчүлүштүктөн улам болгон. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG