Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Жарандык коом бийлик менен адам укугунун абалын талкуулайт


Бишкектеги “Парк отель” комплексинде бүгүн Кыргызстанда адам укуктарынын абалын талдаган форум өтөт. Аны уюштуруп жаткан “Адам укуктары боюнча кеңештин” жетекчиси Гүлжамал Султаналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, форумда кыйноолорду азайтуу, салык төгүүчүлөрдүн укуктары боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана балдар укугун коргоо жаатында талкуу жүрөт.

Форумдун максаты – өкмөт менен жарандык коомдун ортосунда адам укуктары боюнча баарлашуу аянтын түзүү болуп саналат. Жыйында көтөрүлгөн маселе парламентте каралат.

“Адам укуктары боюнча кеңеши” форумду Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети менен биргеликте уюштуруп жатат. Ага президенттин жана өкмөттүн аппарат өкүлдөрү, элчиликтердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG