Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Нарында сел кесепетинен 2,5 миң адам таза суусуз калды


Нарын районунун Кайыңды айылында 20-июнда жүргөн селдин кесепетинен 2600дөн ашык адам таза суусуз калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-июнь түнү Кайыңды айылынын тоого жакын аймагында жер көчкү түшүп, сайдагы сууну бөгөп калган. Анын кесепетинен сайда суу топтолуп, сел жүрүп, айылды таза суу менен камсыз кылуучу түтүкчө жараксыз абалга келген.

Мындан сырткары сел айылдагы сугат каналынын 500 метрин алып кеткен. Райондук куткаруучулар тобу жана айыл тургундары сугат каналын калыбына келтирди. Ал эми таза суу түтүгүн калыбына келтирүү үчүн каражат керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG