Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Раушан Рыкунова жатак абакка чыгарылды


“Альфа Телеком” ишканасынан алдап акча алды деген айып менен соттолгон журналист Раушан Рыкунова жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Рыкунованын узак убакыттан бери тергөө абагында отурганы аны жатак абакка чыгарууга мүмкүндүк берет. Бирок ал Жаза аткаруу кызматынын көзөмөлүндө турат.

Раушан Рыкунова сиңдиси Айнура Сим, жолдошу Владислав Рыкунов менен бирге "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен" деген шек менен 2011-жылы июнь айында кармалып, Рыкунова 7 жылга, сиңдиси жана күйөөсү 6 жылга эркинен ажыратылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG