Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Казакстанда кармалган мунай маселеси чечилбей жатат


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Уланбек Кулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турган 448 вагон күйүүчү май маселесинде жылыш жок. Буга чейин ассоциация өкүлдөрү өкмөткө бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок маселе чечиле элек.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө менен кармоодо.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча Казакстанда кармалып турган май үч тараптуу келишим түзгөн ортомчу компанияларга таандык. Ал эми Кыргызстан - Орусия ортосунда эки тараптуу келишимдин негизиндеги жүк ташуулар үзгүлтүксүз жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG