Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Жогорку Сот парламенттен сот шайлоону тездетүүнү суранды


Мындай кайрылууну Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттарына жолдоду. Анда айтылгандай, 2013-жылдан бери Сот тандоо кеңешинин судьялар корпусун түзүү иши токтоп турат. Учурда түрдүү баскычтагы соттордо судьялардын орду бош. Мындан улам сот тутумунда судьялардын абдан чоң жетишсиздиги байкалууда.

Жогорку Сотто жана жергиликтүү соттордо 436 штаттык бирдиктин 99унда кызмат орду бош. Сот тандоо кеңешине талапкерлерди кароо процесси парламенттин айрым фракцияларына келип токтогон бойдон калууда. Мындан улам Жамашева парламент депутаттарынан бул маселени 1-июлга чейин чечип берүүнү өтүндү. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG