Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Харьковдун губернатору тынчтык планын колдоого үндөдү


Украинада Харьков облусунун губернатору Игор Балута жергиликтүү жашоочуларды президент Петро Порошенконун тынчтык планын колдоого үндөдү.
22-июнда Харьков шаарында киевчил жана орусиячыл активисттер кагылыша кеткен.

Ошол эле күнү Орусиянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Украинадагы кырдаалды телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашты. Бүгүн орус тышкы иштер мекемеси тараткан билдирүүдө айтылгандай, Сергей Лавров менен Франк-Валтер Штайнмайер Киев менен өлкөнүн түштүк-чыгышындагы каршылаштардын диалогун баштоо үчүн ок атышпоону аткаруу керектигин белгилешти.

Жекшембиде Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Порошенконун ок атышууну токтотуу чакырыгын колдоорун, бирок касташкан тараптар сүйлөшүү үстөлүнө отурмайынча зордук-зомбулукка чекит коюу мүмкүн эмес экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG