Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча маселе чечиле элек


Кыргыз өкмөтү мектептер үчүн китеп чыгарууга жыл сайын 100 миллион сом бөлөт, бирок окуу китебинин жетишсиздиги чечилбеген маселе бойдон калууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сариева бүгүн Бишкекте өткөн жыйында айтты. Ал айрыкча айыл жана алыскы райондордо көйгөй курч болуп жатканын баса белгиледи.

Бүгүн Бишкекте билим берүү ресурстарынын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча эл аралык жыйын өтүүдө. Ага өкмөт, жергиликтүү бийлик жана эл аралык уюм өкүлдөрү, билим берүү жаатындагы адистер катышып жатат.

Кыргызстанда 2024 мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондун тегерегинде. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө мектептердин окуу китеби менен камсыз болуусу 72% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG