Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Тажик жарандары Орусияга ички паспорт менен кире албайт


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон токтомго ылайык, Тажикстандын жарандары эмки жылдын 1-январынан тартып Орусияга ички паспорт менен кире алышпайт. Документтин тексти 23-июнда өкмөт башчынын веб-сайтында жарык көрдү.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, эмгек мигранттарынын саны боюнча Тажикстан Өзбекстан жана Украинадан кийинки 3-орунда турат. Ушу тапта Тажикстандын 1,2 миллион жараны Орусияда иштейт.

Москва мурдагы СССРдин жарандары үчүн Орусияга каттоо эрежелерин өзгөртөөрүн бир нече жылдан бери билдирип келген. Бирок Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер үчүн эреже мурункудай эле калат.

XS
SM
MD
LG