Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

"Талибан" барымтадагы мугалимдер менен студенттерди бошотту


"Талибан" кыймылы 10-июнда Ооганстандын Газни чөлкөмүндө кармалган 37 мугалим менен 8 студентти бошотту. Кандагар губернаторунун кеңсесинен билдиришкендей, барымтадагылар уруу аксакалдары кийлигишкенден кийин кое берилди.

Кандагар университетинин тобу Кабулга баратканда талиб согушкерлери алардын автобусуна кол салган. Кийин талибдер аларды улам бир жайда кармап келишти. "Талибандын" өкүлү да мугалимдер менен студенттердин азат кылынганын бышыктады.

XS
SM
MD
LG