Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Айдакеева: Апамдын ымыркай сатууга тиешеси жок болчу


Бала уурдап сатууга аралашкан деген айып менен 15 жылга кесилген медайым Шарапат Мамырканованын жакындары ал күнөөсүз экенин айтууда. Бүгүн кызы Жамила Айдакеева "Азаттыкка" кайрылып, апасынын ал ишке тиешеси жоктугунун далили сотто көз жаздымда калганын айтты:

- Апам ал күнү ишке чыккан да эмес. Муну ошол күнү иштеген дарыгер, медайымдар да тастыктаган. Апамды жөн жерден кылтакка илип жатышат.

Жогорку Соттун маалымат кызматы сот өкүмү тергөө чогулткан материалдардын негизинде чыгарылганын, нааразы тарап кийинки инстанцияга кайрылууга акысы бар экенин айтууда.

Ал эми тергөөнүн иши тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымт катчысы Бакыт Сейитов "айыптуулар кармалаар замат күнөөсүн моюнуна алганын, кылгын кылмышы тууралуу көрсөтмө бергенин жана аларга басым болбогонун" айтты.

Бишкектин Октябрь райондук соту 20-июнда №4 төрөт үйүнүн мурдагы догдуру менен медайымын ар бирин 15 жылга эркинен ажыраткан. Алар ымыркайды сатып жибергени үчүн күнөөлүү деп табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG