Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Казакстанда билим берүү министринин мурдагы орун басары соттолууда


Казакстанда билим берүү министринин мурдагы орун басары үстүнөн сот башталды. 1 миллиард тенге же 5,5 миллион доллардан көп каражат уурдагандыгы үчүн айыпталып жаткан Саят Шаяхметов былтыр май айында кармалган. Кийин үй камагына которулган.

Финансы полициясынын тергөөчүлөрү ырастагандай, Шаяхметов Чыгыш Казакстан облусунда жаңы мектеп куруу долбооруна бөлүнгөн акчаны менчиктеп алган.
Иш боюнча Билим берүү жана илим объектилерин куруу мекемесинин директору Александр Пак да айыпталууда.

Шаяхметов министрдин орун басары болуп 2011-жылдын октябрынан бери иштеп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG