Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Үч фазадан алынуучу электрдин баасы 1-июлдан тарта кымбаттайт


Үч фаза колдонгондор үчүн электрдин баасы 1-июлдан тарта 1 сом 20 тыйын болот. Бул Монополияга каршы агенттиктин бекитип берген ченеми экенин бүгүн парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Буга чейин "Азаттыкка" интервьюсунда министр үч фаза колдонгон абоненттерге баа көтөрүлүп, ал эми катардагыларга 70 тыйын бойдон каларын айтып:

- Үч фаза колдонгондор элдин 4% түзөт. Алардын саны 120 миң абонент. Ошолор кышында жалпы электр энергиянын 48% колдонуп коюп жатат. Калгандарга энергия жетпей жатат. Ошого байланыштуу үч фаза колдонгондорго 1 сом 20 тыйын болот деп сунуштап жатабыз. Ал эми жалпы элге 70 тыйын бойдон калат, - деген болчу.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде 2014-2017-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору жөнүндөгү өкмөт сунушу каралып, жалпы жыйынга чыгаруу чечими кабыл алынды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG