Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Спорттун заманбап беш түрү боюнча Борбор Азия кубогу ойнолууда


Бул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча Борбор Азия кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан тышкары Түштүк Африканын спортчулары да катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Валерий Новиков кабарлады.
Ал эми жаш өспүрүмдөр, уландар арасындагы мелдештер өзүнчө өтүп, ага сексенден ашуун спортчу катышууда.

“Жаштык” ден соолук жана спорт борборунун бассейнинде өткөн сууда сүзүү жарыштарында кыз-келиндерден кыргызстандык Валерия Уварова биринчи орунду ээледи. Эр-азаматтардын сууда сүзүү жарыштарында казакстандык Владислав Сухарев марага озуп келди. Казакстандык Арман Танатбаев экинчи болсо, африкалык Бернд Бюргер үчүнчү орунга илинди.

Фехтование боюнча мөөрөй талашууда кыргызстандык жигиттер Темирлан Айтымбетов менен Никита Кузнецов айырмаланды. Жеңил атлетика, кросс жарышында, биатлон мелдешинде жана аргымактарды тоскоолдуктардан секиртүүдө казакстандык Владислав Сухарев арбын упай топтоп, жеңүүчү аталды.

Кыз-келиндерден баш байгени казакстандык Олеся Мыльникова жеңип алды. Кыргызстандык Валерия Уварова жаштыгына карабай чоңдор менен мелдешип, коло байгелүү болду. (КМа)

XS
SM
MD
LG