Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Бишкекте жүздөн ашуун кичи автобус каттамдан алынды


Тийиштүү талаптарга жооп бербегени үчүн Бишкек шаарында эл ташыган 119 кичи автобус каттамдан алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн аптада Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 53 унаада орундуктар жетишсиз экени, 45 кичи автобустун сырткы көрүнүшү талапка жооп бербей турганы аныкталган. 20дан ашууну оңдоого муктаж деп табылган.

Бишкек шаары боюнча 2 636 кичи автобус эл ташыйт. Алар калаадагы 41 фирмага таандык унаалар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG