Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Өкмөт аппаратын отставкага кетирүү сунушталып жатат


Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өкмөт аппаратын отставкага кетирүү маселесин палатага алып чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Ташболот Балтабаев билдирди.

Аталган комитет 23-июнда “коррупцияга каршы күрөшүүдө жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатат” деген жүйө менен өкмөт аппаратын отставкага кетирүү чечимин кабыл алган. Балтабаевдин айтымында, депутаттар 2013-2014-жылдардагы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча атайын иликтөө жасап, анын чечимин өкмөткө жиберген, бирок андан майнаптуу жыйынтык чыккан эмес:

- Анын жыйынтыгын карайлы деген максатта дүйшөмбүдө комитет жыйын куруп, өкмөттүн Коргонуу, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алик Мамыркуловдун баяндамасын угуп, биздин чечим боюнча дээрлик жумуштар аткарылбай жатканын байкадык. Суроолорубузга канааттандырарлык жооп албадык.

Өкмөт өкүлдөрү депутаттардын бул сыны негизсиз экенин, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы коомчулукка утуру жарыяланып келатканын билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG