Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

“Ислам өнүктүрүү банкы” Кыргызстанга 46 млн доллар насыя берет


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев каражатты алуу боюнча үч макулдашууга кол коюу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Сауд Арабияга жөнөп кетти.

“Ислам өнүктүрүү банкы” менен түзүлө турган инвестициялык келишимге ылайык, 46 миллион долларлык насыя жолдорду оңдоого, айыл чарба иштерин жандантууга, энергетика тармагын жакшыртууга жана диний өнүгүү багыттарына жумшалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр Жидда шаарында банктын 39-жылдык жыйынынын алкагында болот. Каражаттын качан берилиши макулдашуунун жүрүшүндө аныкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG