Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Жарандык активисттер экс-мэрге адилет чечим чыгарууга чакырды


Бул тууралуу бир катар жарандык активисттер бүгүнкү маалымат жыйынында айтып чыгышты. Юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, экс-мэр Иса Өмүркулов баштаган калаа жетекчилеринин күнөөсү тергөө учурунда далилденсе да аларга жумшак жаза берүү коркунучу турат. Мындан улам ишти карап жаткан сотко адилет чечим кабыл алуу чакырыгы айтылды.

Бишкектин Октябрь райондук соту борбор калаанын мурунку мэри Иса Өмүркулов баштаган мэрия кызматкерлери боюнча сот өкүмүн 25-июнда чыгарат. Буга чейинки жараянда соттолуучулар жана адвокаттар акыркы сөзүн сүйлөп, экс-мэр Өмүркулов өзүнө тагылган айып негизсиз экенин билдирген.

Башкы прокуратура Өмүркулов баштаган мэриянын төрт кызматкерин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп айыптоодо. Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу Өмүркуловду 8 жыл эркинен ажыратууну сураган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG