Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Жапонияда кол күрөш Азия чемпионатына Кыргызстан да катышууда


Бүгүн Жапониянын Сендай шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Каражаттын тартыштыгынан улам ага Кыргызстандан үч гана спортчу катышууда. Алар: армрестлинг боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Ольга Ярославцева, Азия чемпиону Артур Шмойлов жана Никита Баснин. Бул тууралуу «Азаттыкка» Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Жапониядагы чемпионаттын жеңүүчүлөрү 29-июнда аныкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG