Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Жон Керри Күртистан автономиясына барды


АКШ Мамкатчысы Жон Керри Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарына барды. "Ройтер" агенттигинин Мамдепартаменттин өкүлүнө шилтеп кабарлашынча, Керри Күртистан автономиясынын президенти Масуд Барзани менен кездешип, аны Ирактагы реформаларды жүргүзүүдө “жигердүү роль ойноп”, сунни топторунун шииттер башындагы өкмөткө болгон нааразылыгын жеңилдетүүгө көмөктөшүүгө үндөйт.

23-июнда Керри Багдадда премьер-министр Нури ал-Малики менен кездешип, Америка Иракта туруктуулук болушун жактаарын айтып, саясый биримдикке чакырган. Керринин айтымында, ал-Малики жаңы өкмөт 1-июлга түзүлөт деп убада берген.

Ирактагы азыр саясый жана аскерий абал татаал. Өлкөнүн батышы жана түндүгүндө көпчүлүк аймактарды басып алган суннилер башындагы козголоңчулар Багдадды көздөй жылууда.

XS
SM
MD
LG