Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Германиялык ишкерлерди Украина жана Ирактагы абал кооптондурууда


Украинадагы жана Ирактагы кризис Германиянын экономикасына тескери таасир этет деген кооптонуу немис ишкерлери арасында өсүүдө. Немистердин IFO экономикалык институту 24-июнда жарыялаган изилдөөгө караганда, ишкерлердин экономикага болгон ишеним индекси июнь айында 109,7 процентти түздү. Бул акыркы жарым жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

IFO директору Ганс-Вернер Pинндин билдиришинче, германиялык ишкерлер азыр "абал жакшы бойдон калууда" дешет. Бирок Германиянын экономикасына “Украина жана Ирактагы кризис тескери таасир этет деп чочулашат”. Мындай тыянак 7 миң компаниянын жетекчилерин сурамжылоонун натыйжасында чыгарылган.

XS
SM
MD
LG