Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташтык менен катар чек ара маселеси да талкууланды.
Оторбаев ортодогу чек ара маселесин конструктивдүү нукта чечүү аймакта чыр-чатактарды алдын алууга өбөлгө болорун айтты. Ал эми элчи тажик өкмөтү Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш деп билерин, соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты.
Соңку кезде Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар ортосунда чыккан түрдүү чыр-чатактар чек аранын жабылышына түрткү болгон. Бул маселелерди чечүү боюнча кезектеги жолугушуу 25-июнда Бишкекте өтмөкчү. (RK)